Элмира Жумалиева, депутат: "Жалпы республикалык тестирлөөнүн 3-4-турга чейин созулуп кетиши коррупцияга жол ачат"
"Жалпы республикалык тестирлөөнүн турларынын созулуп кетиши коррупцияга жол ачат". Мындай пикирди депутат Элмира Жумалиева 20-февралда "Парламент" радиосунун түз эфиринде билдирди. "Канча жыл өтсө да, ушул тестти өткөрүүнүн жол-жоболору жаңыртылган жок. Ал тургай жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы шаарлар үчүн өзүнчө, элеттеги мектеп бүтүрүүчүлөрүнө өзүнчө чыгарылып жаткандыгы бул жердеги коррупциялык элементтердин ээн-эркин жүргөндүгүнөн кабар берет",- дейт депутат. Жумалиева тестирлөөнүн бир же эки тур менен гана жыйынтыкталып калбай, 3-4-турга чейин созулуп кетиши жең ичинен сүйлөшүүлөргө мүмкүнчүлүк жаратып жатканын белгиледи.