Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы кызматына Темир Жумакадыров дайындалды

Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы кызматына Темир Жумакадыров дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-февралда кол койду.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, Жумакадыров Темир Курмангазиевич буга чейин Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары кызматын аркалап келген.

Кошумчалай кетсек, буга чейин аталган кызматты аркалап келген Бейшенбай Жунусов 19-февралда кызматынан бошотулган. Б.Жунусовдун кызматтан алынышы анын башка кызматка которулушу менен байланыштуу экени айтылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан