Бүгүн, 21-февралда Кант шаарынын Маданият үйүндө Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата майрамдык иш-чара өтүп жатат. Салтанаттын себепкерлери аскер кызматкерлери жана ардагерлер "Эч качан согуш болбосун!" деген тилегин айтышты.
Баткен окуясынын ардагерлери өлкөсүн коргоого ар дайым даяр экенин билдиришти. "Аскер кызматын өтөп жаткандарга ден соолук, тынчтык каалайбыз. Биз өлкөбүздө туруктуулукту колдойбуз. Эч качан согуш болбосун!"- деди Баткен окуясынын ардагерлер комитетинин башчысы Урмат Орозалиев.
Канттагы аскер бөлүгүндө жоокердик кызматын өтөп жаткан Кайрат Тойчиевдин айтымында, ар бир кыргыз уулу үчүн Ата Мекенин коргоо - парз. "Аскердик кызматты өтөөдөн кийин офицерликке окуйм деген ниетим бар",- деди Тойчиев.
Кант шаарындагы орусиялык авиабазанын аскер кызматкери, ага-лейтенант Евгений Гайворонский Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташтык мындан да бекемделерин каалап өттү. "Өлкөлөрүбүздө ар дайым туруктуулук болсун, мекендештерибиз ынтымакта жашашсын",- деди ал.