Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков мекендештерин 23-Февраль - Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Спикердин куттуктоосунда булар айтылат:
"Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан Мекенди коргоочулар күнү менен чын дилимден куттуктайм! Бул күнү чыныгы каармандыктын үлгүсүн көрсөткөн ардагерлерибиздин эрдигин эскерип, мекен чегинде турган жоокерлерибизге ыраазычылык сөзүбүздү арнайбыз. Өлкөнү коргоону, тынчтыкты сактоону атуулдук ыйык милдет сезген жоокерлерибиз жана офицерлерибиз мамлекетибиздин көз карандысыздыгын бекемдеп, аны өнүктүрүүгө салым кошууда. Урматтуу мекен сакчылары, сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш, кажыбас кайрат, майтарылбас эрк каалайм. Кудай буюрса, сиздер менен бирге күчтүү армиясы бар, гүлдөгөн Кыргызстанды курабыз!"