Ош: Колледж окутуучулары айлыктарын көтөрүүнү суранышууда

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева 21-февралда Ош шаарында Ош соода-экономикалык колледжинин студенттери жана окутуучулары менен жолугушту. ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, депутат бардык маселелер "Жогорку Кеңештин регламентинин, депутаттын статусу жөнүндө" мыйзамдын, Депутаттык этика кодексинин талаптарына ылайык чечилип жатканын айтты. Жаштар алдыдагы парламенттик шайлоолорду ачык жана демократиялык нукта өткөрүлүшүнө, анын жүрүшүндө колдонула турган жаӊы технологияларга байланыштуу маселелерге кызыгышты.

Колледждин окутуучулары кесиптик орто окуу жайларында иштеген билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларын мектеп мугалимдери менен теңөө өтүнүчтөрүн билдиришти. Анткени мугалимдердин быйыл маянасы көбөйтүлүп жатса, жогорку окуу жайларынын окутуучулары түзүлгөн келишимге жараша эмгек акы алышат, ал эми кесиптик орто окуу жайларынын маянасы эч өзгөрүүсүз калууда. Алтыбаева колледждердин окутуучуларынын эмгек акысына байланыштуу маселени Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде көтөрөрүн айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан