Жогорку Кеңеш "Кумтөр" маселесин 26-февралда карайт
Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында "Кумтөр" боюнча парламент токтомдорунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматы угулат. Мындай чечим Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинин 20-февралдагы жыйынында кабыл алынганы айтылды. Жогорку Кеңеш жыйындарынын бекитилген күн тартибине ылайык, келерки аптада "Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын, "Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндө", "Аялдарды жана жашы жете элек балдарды мунапыс кылуу тууралуу" сындуу бир катар мыйзам долбоорлору каралмакчы.