18-февралда кар көчкүдөн каза болгон Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылынын тургундары Жээнбай уулу Мирбектин жана Адылбек Төлөнбаевдин үй-бүлөлөрүнө президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан акчалай жардам берилди. Тийиштүү буйрукка 21-февралда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койду. Аталган жарандардын үй-бүлөлөрүнө 50 000 сомдон бөлүнгөнүн кабарлады президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү.