Премьер-министр Жоомарт Оторбаев кыргызстандыктарды 23-Февраль - Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөнкүдөй:
"Урматтуу жоокерлер, сержанттар, офицерлер жана генералдар!
Ардактуу ардагерлер жана кымбаттуу достор!
23-февралда Кыргызстандын эли Мекенди коргоочулардын күнүн белгилейт. Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Мекенди коргоочулардын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Бул майрам өлкөнүн кайраттуу, күчтүү, чыныгы мекенчилдеринин майрамы катары саналат. Бул күн өз Мекенинин бакубаттуулугу үчүн кызмат өтөгөндөргө, аскердик вахтада тургандарга жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарын толуктоого умтулгандарга карата терең сый-урмат көрсөтүү катары белгиленген. Бул сый-урмат биздин мамлекетибизде тынчтыкты жана туруктуулукту күжүрмөн эмгеги жана аскердик эрдиги менен камсыз кылган өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдап жаткан бардык адамдарга арналат.
Биз баарыбыз билгендей, армиябыз канчалык күчтүү болсо, сүйүктүү өлкөбүздөгү орун алган тынчтык ошончолук бекем жана туруктуу болот. Өлкөбүздүн жетекчилигинин аракети менен бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн реформалоо боюнча масштабдуу чаралар көрүлүп жатат. Алар биринчи кезекте мамлекеттин эгемендигин, өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн жана конституциялык түзүлүшүн коргоого багытталган.
Мен бардык аскер кызматчыларын, согуштун жана КРнын Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлерин, алардын жубайларын, ата-энелерин жана өсүп келе жаткан муунду Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайм. Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө тынчтыкты жана жакшылыкты, чың ден соолукту, ийгиликтерди, келечекке карай ишенимди жана алга карай умтулууну каалайм".