Кыргызстанда май айында Немец экономика күндөрүн өткөрүү пландалууда

21-февралда вице-премьер-министр Валерий Диль Германиянын Кыргызстандагы элчиси Гудрун Срэга жана Борбор Азиядагы Герман экономика өкүлчүлүгүнүн башчысы Йорг Хетч менен жолугушту. Жолугушууда

немец ишкерлеринин катышуусунда Кыргызстанда Немец экономика күндөрүн өткөрүү жана кичи жана орто энергетиканы өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Немец экономика күндөрүн өткөрүү быйыл 20-майга белгиленгенин билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы. Иш-чараны Бишкек шаарынан тышкары Токмок, Кара-Балта жана Кант шаарларынын биринде өткөрүү каралган. Кеңешменин жыйынтыгында вице-премьер-министр Валерий Диль тармактык бөлүмгө министрлик жана ведомстволордун катышуусунда келерки иш-чарага даярдык боюнча кеңешме даярдоону тапшырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан