КРнын Япониядагы элчилигинин кызматкери Руслан Бекназаров кызматтык мөөнөтү аяктап, жакын арада Кыргызстанга кайтып келерин билдирди.

Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилигинин кызматкери Руслан Бекназаров кызматтык келишимдеги мөөнөтү аяктаганын жана Кыргызстанга кайтып келе турганын кабарлап, алдыдагы пландары тууралуу айтып берди. “Бул жакка 1 жылдык келишим менен келгем. Ал мөөнөт аяктап, буюрса, жакын арада Кыргызстанга кайтканы турам. Бул тармакта жумушумду улантамбы же жокпу, Кыргызстанга барганда белгилүү болот. Аз болсо да саясатка аралашып калган инсан катары азыркы саясий кырдаалды карап, кейип жатам. Балким, жүрөгү таза, ыйманы бекем жаш муундун өкүлдөрү менен чогуу саясий аракеттерге өтсөкпү деген да ой бар. Убагында 7-апрель, Ош окуяларында тикесинен тик турган "Биримдик" жаштар кыймылынын, азыркы башчыларыбыздын бийликке келишине кандайдыр бир деңгээлде салымы бар болгондуктан, “учурдагы кырдаалда кайдыгер караганыбыз болбойт” деп жатышат. Өз учурунда штаб жетекчиси катары мен да ойлонуп жатам”,- дейт Руслан мырза.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан