Бишкекте Актан Арым Кубат жаш кинематографисттер менен кино, жалпы тарыхый эс тутум жана Кыргызстан менен Орусиянын достугу тууралуу баарлашат. 18-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы орус тили, маданияты жана инклюзия Евразиялык борборунда “Кыргыз киносунун унутулгус кадрлары” аталышындагы жолугушуу өтөт. Иш-чара ата мекендик кинематографияга арналат жана Кыргыз киносунун күнүнө карата уюштурулууда.
Жолугушуунун башкы коногу белгилүү кыргыз кинорежиссёру, сценарист, продюсер жана актёр Актан Арым Кубат (Актан Абдыкалыков) болот. Анын тасмалары бир катар абройлуу эл аралык кинофестивалдарда көрсөтүлүп, жогорку бааларга татыган.
Иш-чаранын алкагында режиссёр жаш кинематографисттер менен ачык баарлашып, тасма жаратуу процесси тууралуу айтып берет. Анда кино үчүн тема жана каарман тандоо, сценарий жазуу, чыгармачылык чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле жаңыдан баштаган кинорежиссёрлор туш болгон кыйынчылыктар талкууланат.
Мындан тышкары, жаш авторлор өздөрүнүн кино идеяларын тааныштырып, режиссёрго суроолорун түз берүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, жолугушуунун максаты - Кыргызстан менен Орусиянын достук мамилесин маданий диалог аркылуу бекемдөө. Иш-чарада эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык, жалпы тарыхый мурас жана кино искусствосу аркылуу адамдарды жакындатуу маселелерине да көңүл бурулат.
Программанын алкагында жолугушууга жана кыргыз киносуна арналган кыска видеороликтердин сынагы да өткөрүлөт. Ага катышуучулар иш-чара тууралуу өз чыгармачылык көз карашы менен видео даярдап, алар үчүн маанилүү болгон учурларды бөлүшө алышат.
Иш-чараны орус тили, маданияты жана инклюзия Евразиялык борбору жаштардын демилгелерин колдоо жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү максатында уюштурууда. Долбоордун өнөктөштөрүнүн бири - Евразия жаш кинематографисттеринин ассоциациясы (МАКЕ).
Ассоциация жаш кинематографисттерди бириктирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, билим алууга жана өлкөлөр ортосунда тажрыйба алмашууга көмөктөшөт.
Маалыматка ылайык, МАКЕнин ишмердүүлүгүнүн натыйжасында тогуз өлкөдө кино кластерлери түзүлгөн. Москва шаарындагы “Кино лабораториясына” тогуз өлкөдөн 150 адам катышса, Бишкектеги лаборатория 40ка жакын жаш кинематографистти бириктирген.
Ассоциациянын катышуучулары бүгүнкү күнгө чейин 20дан ашык даректүү жана көркөм тасма жаратышкан. Ошондой эле жолугушуулар, киноклубдар, лекциялар жана чыгармачылык лабораториялар жаш авторлорго пикирлештерди табууга, практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жана өз идеяларын ишке ашырууга шарт түзүп келет.