Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо, геодезия жана картография кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Өкмөт жетекчиси куттуктоосунда "Жер саясаты жана жер мамилелерин жөнгө салуу ар дайым бардык мамлекеттин негизги багыты болуп келген же бул өзүнө коомчулуктун экономикалык, саясий, социалдык жана экологиялык кызыкчылыктарын камтыйт. Жер ресурсу - улуттук байлык. Аны пайдалануудан өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсү көз каранды" деп белгиледи. Оторбаев тармактын кызматкерлеринин жоопкерчилигин эскертип, маанилүү маселелерди чечүүдө алдынкы маалыматтык технологияларды колдонуу зарылдыгын белгиледи.