Улуттук илимдер академиясынын академиги, маркум Кайып Оторбаевдин үй-бүлөсүнө Кыргызстандын президентинин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 100 миң сом акчалай жардам бөлүндү. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун 23-февралда президенттик аппараттан билдиришти.
Эскерте кетсек, премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин атасы Кайып Оторбаев 22-февралда 92 жаш курагында дүйнө салган.