"3 жана 4 жашар эки баласын бычактап өлтүргөн" деп шектелип, 21-февралдан тарта Бишкек шаардык №1-СИЗОдо отурган Амира Ибраева камерада бирге отурган аялдарды ур-токмокко алып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда СИЗОнун кызматкерлерине шилтеме берүү менен адвокат (А.Ибраеванын адвокаты эмес - ред.) Икрамидин Айткулов билдирди.
Анын айтымында, Ибраева кант диабети жана жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандар менен бирге тергөө камагына отургузулган.
"Акыркы 3 сутканын ичинде ал камерадагы аялдарды муунтуп, чачтарын жулуп, дүрбөлөң салууда. Ошол эле учурда Ибраева эшикти тепкилеп, жанында ким турса, аны ургулап, бакырып жатат. Учурда дарыгерлер ага кыска мөөнөткө жардам берүүчү реланиум (уктатуучу дары-дармек - ред.) берип жатат.
Ал эми жапа чеккен аялдардын жардам сураганы №1-СИЗОнун жетекчилигине жетпей жаткандай. Алардын укуктары бузулууда. СИЗОнун медициналык кызматкерлери да, жетекчилиги да эч кандай чара көрбөй жатат. Жапа чеккен аялдарга жардам көрсөтүлгөн эмес",- деди Айткулов.