Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов 23-февралда аталган өлкөнүн президенти Барак Обамага Ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу элчи өзүнүн интернет баракчасы аркылуу жарыялады. Токтогулов Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн 14-февралда АКШнын Мамлекеттик департаментинин Протоколдук кызматынын башчысы Питер Селфрижге тапшырган. Айта кетсек, Кадыр Токтогулов Кыргыз Республикасынын АКШдагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2014-жылдын 31-декабрында дайындалган.