Башкы прокурор Аида Салянова БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 11-февралда Башкы прокурор Аида Салянова БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын туруктуу өкүлдөрү жана анын жетекчиси А.Аванесов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Салянова делегациянын башчысына Башкы прокуратуранын жаңы кеңсесин компьютер менен жабдууга жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Белгилей кетсек, БУУнун "Өнүктүрүү" программасы Башкы прокуратуранын кеңсесине аймактык прокуратура органдары менен байланыштыруучу, видеоконференция өткөрүү мүмкүнчүлүгүн берүүчү камераларды орноткон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан