Бүгүн, 24-февралда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети 2015-жылдын июнуна чейин тиешелүү нормативдик-укуктук актыларды бекитип, 2016-жылдын сентябрынан тарта окуу жайларды аккредиттөөдөн өткөрүүнү баштоо демилгесин жактырды.
Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын айтымында, орто кесиптик жана жогорку окуу жайлар аккредиттөөсүз жакшы иштей албай жатышат. "Мындан улам тийиштүү мыйзамдын иш жүзүнө ашышын бир нече мөөнөткө жылдыруу керек. Улуттук аккредиттөөчү кеңеш түзүлгөн, бирок нормативдик актылар түзүлбөгөндүктөн, анын өз ишин аткарууга ыйгарым укугу жок болчу",- деди министр.
Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин башчысы Т.Чолпонкуловдун билдиришинче, 5 айдан кийин 10 миңдеген бүтүрүүчүлөрдүн дипломсуз калуу коркунучу бар. "Мындай кырдаал коомдук нааразычылыкка алып келиши мүмкүн",- деген пикирин айтты Чолпонкулов.
Депутат Наталья Никитенко өз кезегинде аккредиттөө пайдалуу иш экенин, мыйзамды аткарбаган чиновниктерге чара көрүү керектигин кошумчалады.