Роза Акназарова: "Өлкөнүн энергетикалык тармагы 180 миллион долларга муктаж"

18-20-февраль күндөрү Австриянын Вена шаарында Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кышкы сессиясы өттү. Сессияга кыргыз делегациясынын курамында Жогорку Кеңештин депутаты Роза Акназарова (ЕККУ ПАнын Экономикалык маселелер, илим, технология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрайымы) катышты.
Акназарова энергетикалык коопсуздук тууралуу сөз сүйлөдү.

"Табигыйбы же кайра жаңыртылуучубу, айтор, энергетикалык ресурстар Жер шарында бирдей эмес жана саясий чек араларсыз жайгашкан. Кыргызстан ири гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Өлкө КМШ чөлкөмүндө 3-орунда экендигине карабастан, казылып алынчу отундун кору аз. Суунун төмөнкү нугунда жайгашкан коңшу өлкөлөрдө абал тескерисинче. Биз газдын 40 пайызын Өзбекстан менен Казакстандан импорттойбуз",- дейт Акназарова.

Кыргыз Республикасынын энергетикалык тармагына 180 миллион доллар керек экенин билдирген депутат буларды кошумчалады:

"Энергетикалык муктаждыкты канааттандыруу жаатында жалаң мунай менен газ энергиясын колдонуунун келечеги жок. Экологиялык абалды турукташтырууда гидроэнергетиканын жардамы менен алына турган энергиянын келечеги кенен".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан