Жаңы дайындалган юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева министрликтин жамаатына тааныштырылды. Министрди эмгек жамаатына вице-премьер-министр Валерий Диль тааныштырганын бүгүн, 24-февралда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Диль жаңы министр Мамбеталиеванын юстиция министринин орун басары кызматындагы эмгектерин белгилеп, ишине ийгилик каалады. Аталган министрлик кыргыз өкмөтүнүн түзүмүндөгү негизги министрликтердин бири экенин кошумчалады.