2012-жылдын 11 айына карата кыргыз мигранттары өлкөгө 1,8 миллиард доллар которушкан. Бул тууралуу Улуттук банктын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу акча которуу 18 пайызга өскөн. Аталган банк билдиргендей, 2007-жылы кыргыз мигранттары өлкөгө 688,2 миллион доллар салса, 2011-жылы Орусиядан 1 миллиард 783,2 миллион доллар, Казакстандан 31,5 миллион доллар которулган.