"Эки баласын бычактап өлтүргөн" деп шектелген аял СИЗОдогу аялдарды ур-токмокко алып жатат" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлү Толубай Жакишев билдирди.
“Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Ал бирге отурган аялдарды сабаган эмес. Болгону өзүн кармай албай кээде кыйкырып жатыптыр. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ибраеваны камерага жалгыз камап коюуга болбойт. Анткени ал өз өмүрүнө кол салышы мүмкүн”,- деди Жакишев.
Буга чейин адвокат Икрамидин Айткулов Амира Ибраеванын камерада бирге отурган аялдарды ур-токмокко алып жатканын айткан.
Айта кетсек, 15-февраль күнү Арча-Бешик жаңы конушундагы батирлердин биринен 3 жана 4 жаштагы балдардын жансыз денелери табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары маркум балдардын апасы Амира Ибраева кармалган.
Ошондой эле кылмышка шектүүнүн Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштеп келгени белгилүү болгон. Ал эми 17-февралда Ленин райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган.