Экономика министринин орун басары Данил Ибраев баштаган кыргыз өлкөсүнүн делегациясы бүгүн, 24-февралда Москвада кыргыз мамлекетин Бажы союзуна жана Эркин экономикалык аймакка кошуу маселеси (Евразиялык экономикалык союз түзүүнү эске алуу менен) талкууланган Евразиялык экономикалык комиссиянын жумушчу тобунун кезектеги жыйынына катышууда.
Жыйында кыргыз өлкөсүнүн Евразиялык экономикалык союзга кошулушуна тийиштүү протоколдор тууралуу сөз болорун Экономика министрлиги кабарлады. 25-февралда делегация Соода боюнча консультативдик комитеттин жыйынына катышмакчы.