Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 24-февралда Ош шаарында көчмө жыйын өткөрүп, 2014-жылдын туристтик сезонунун жыйынтыгы жана кыргыз өлкөсүндө 2015-жылдын туристтик сезонун өткөрүүгө даярдык көрүү маселеси талкууланды.
Жыйында депутат Карганбек Самаков жакынкы жылдары “Өзгөн мунарасы” тарыхый комплексин, Шах-Фазилди, Таш-Рабатты жана башка тарыхый-маданий мурастарды ЮНЕСКОнун тизмесине каттатуу керектигин билдирди.
Өзгөн шаарына жакын жердеги Төөчү тоосунда лыжа базасын куруу маселеси көтөрүлдү. Өлкө түштүгүндө бир дагы лыжа базасы жок экени айтылды. Эгер ушул долбоор ишке ашса, анда ал Фергана өрөөнүндөгү уникалдуу туристтик жайга айланмакчы.
Маалыматка таянсак, былтыр кыргыз өлкөсүнө 4 миллион 65 миң турист келген.