Өлкөдө шайлоочулар бюллетенди урнага бүктөбөй салууга милдеттендирилет

Кыргыз өлкөсүндөгү шайлоочулар бюллетенди урнага бүктөбөй салууга милдеттендирилет. Тиешелүү чечим бүгүн, 24-февралда парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин отурумунда президенттик жана парламенттик шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселесин кароодо кабыл алынды.

Комитет төрайымы, депутат Наталья Никитенконун айтымында, шайлоодо автоматташтырылган жана эсептөөчү урналар коюла тургандыктан, бюллетенди урнага ачык бойдон салуу керек.

Мындан тышкары отурумда айрым депутаттар белги коюлчу төрт бурчтукту бюллетендин сол жагына коюуну сунушташты. Бирок депутат Абдыжапар Бекматов буга каршы чыгып, “айрым партиялардын аталыштары өтө узун болгондуктан, шайлоочу белги коюуда адашып кетиши мүмкүн” деди. Бул маселени кароону комитет кийинки отурумга калтырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан