24-февралда парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында парламенттик шайлоодо босоголук чекти 7 пайыздан 10 пайызга көтөрүү демилгеси талкууланды.
"Мындай көрсөткүч менен Жогорку Кеңешке төрттөн кем партия келбеши керек. Мыйзам долбоорун 2005 жана 2010-жылдардагы революцияларды эске алуу менен иштеп чыктык. Партиялар биригиши жана чоңоюшу керек деген ой менен сунуштап жатабыз",- деди Кулов.
Депутат Мирлан Бакиров демилгеге каршылыгын билдирди. "Азыркы колдонуудагы 7 пайыздык босоголук чекти эле калтыруу туура. 10 пайызга чейин көтөрүүгө зарылчылык жок. Парламентте төрт партия болуш керек дегени - партиялардын укугун чектөө. Парламентке өтө албаган көпчүлүк партиялар оппозицияга кошулуп, көчөдө өз пикирлери менен чыгышы толук мүмкүн. Ошондуктан 7 пайыздык босогону эң ыңгайлуу деп эсептейм",- деди Бакиров.