Акыйкатчы жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилүүдө

Бишкекте 27-февралда "КРнын Акыйкатчысы жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтөт. Парламенттен 25-февралда билдиришкендей, иш-чараны ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети уюштурууда. Долбоорду депутаттар, БУУнун өкүлдөрү, эксперттер талкуулашат. Аталган мыйзам долбоору менен:
- акыйкатчыны шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби аныкталат;
- акыйкатчынын укуктук статусу, ыйгарым укуктары, мамлекеттик жана башка органдар менен кызматташуусу аныкталат;
- акыйкатчынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана принциптери мурункудан ачык-айкын белгиленет;
- акыйкатчы кызматына жана анын орун басарлыгына талапкер жылдыруу тартиби такталат жана башка. Мыйзам долбоору беш бөлүктөн турат, алар: жалпы жобо, акыйкатчыны жана анын орун басарларын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, акыйкатчынын компетенциясы, акыйкатчынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик жана башка мекемелер менен кызматташуусу, акыйкатчынын ишмердүүлүгүн уюштуруу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан