Парламенттин 25-февралдагы жыйынында Чүй облусунун Ак-Жол айылында эшектердин союлуп, эттери таратылып жатканы тууралуу маселе көтөрүлдү.
Депутат Эсенгул Исаковдун айтымында, парламент жыйынына Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин жана Ветеринардык инспекциянын өкүлдөрү келишип, аталган факт боюнча маалымат бериши керек. "Эт өлкөдөгү чайканаларга сатылып жатабы же чет өлкөгө жөнөтүлөбү? Балким, бизге бул эшектердин эттери арзан баада сатылып жаткандыр. Буга күнөөлүүлөргө карата чара көрүлүшү керек",- деди Исаков.
Төрага Асылбек Жээнбеков аталган окуяга күнөөлүүлөр сөзсүз жоопко тартылышы керектигин айтты. "Муну азыр карай албайбыз, мекемелердин өкүлдөрү буга даярданып туруп отчёт бериши керек. Тиешелүү комитетке тапшырма берилет, парламентте кароо же карабоо чечимин комитет кабыл алат",- деди төрага.