Худжанд шаарына кыргыз мамлекетинин башкы консулдугун ачуудан Тажикстан баш тартууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда парламент жыйынында Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Аскар Бешимов билдирди.
Анын айтымында, кыргыз тарап 1 жылдан бери аталган шаарга консулдук ачуу боюнча кайрылууда. "Бүгүнкү күнгө чейин тажик тарап мындан оозеки түрдө баш тартууда, бирок расмий жооп азырынча жок. Биз аларга бир нече жолу расмий түрдө кайрылганбыз",- деди Бешимов.