Түркиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги аталган өлкөгө келген кыргыз жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултууну улантууда. Бул тууралуу 24-февралда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өткөн аптанын соңунда Анкара шаарындагы кыргыз маданият жана достук коомчулугуна элчиликтин өкүлдөрү барышкан. Март айында Конья, Эскишехир шаарларындагы жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу пландалууда. Биометрикалык маалыматты чогултуу пункту элчиликтин консулдук бөлүмүндө саат 09:00дөн 17:30га чейин иш алып барууда.