Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында 23-24-февраль күндөрү кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередовдун жолугушуулары өттү. Биринчи жолугушууда министрлер эки тараптуу кызматташтыкты, кыргыз өлкөсүнүн президенти Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдын ноябрында Түркмөнстанга болгон иш сапарында түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу маселесин талкуулашты. Өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилени бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулганын билдирет ТИМдин маалымат кызматы.
"Экинчи жолугушууда аймактык жана эл аралык саясатка байланыштуу маселелер талкууланды. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы алаканы бекемдөө, туруктуулукту, коопсуздукту орнотуу маселесинде кыргыз өлкөсү менен Түркмөнстан бир пикирде экени белгилүү болду",- деп билдирет министрлик.