Кудайберген Базарбаев коомдук-саясий чөйрөдө аялдардын ролу жогорулап жатканын айтты

Бүгүн, 25-февралда социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева кыргыз өлкөсүндөгү аялдардын улуттук форумун өткөрүү боюнча маалымат жыйын өткөрүштү. Базарбаев 2010-жылдан бери өлкөдөгү аялдардын коомдогу саясий ролу жогорулап жатканын билдирди. Анын айтымында, 2010-жылы өлкөдө оор абал түзүлүп турганда бир топ лидер аялдар коомду өзгөртүү үчүн өздөрүнө милдеттерди алышып, өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүшкөн. "Учурда бир катар лидер аялдар жогорку кызматтарда отурушат. Мындан 3-4 жыл мурун мындай болорун күткөн эмеспиз. Бул аялдардын коомдогу саясий ролунун өскөнүнөн кабар берет",- деди Базарбаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан