Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында унду байытуунун эрежелерин бузгандарга административдик чара көрүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Долбоордун негиздеме-маалым катына таянсак, адамдын организмине энергиялык керектүү заттардын 75 пайызы нандан алынат. Ал эми нанды ун кылып тартууда витаминдер менен микроэлементтердин 80 пайызы улпакка чыгып кетет. Нан унун байытуу менен негизинен эне менен баланын ден соолугундагы темир жетишсиздиги жоюлат. Ошентип, мыйзам долбоору жарандардын саламаттыгына кам көрүүгө багытталган.
Мыйзамдын долбоорунда унду байытуунун эрежелерин бузгандарды, байытылбаган унду саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо мекемелерине жана башка мамлекеттик, муниципалдык мекемелерге жеткирүү, байытылбаган унду сатып-өткөрүүгө жол бергендерди административдик жоопкерчиликке тартуу жагы каралган.
Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.