Бүгүн, 25-февралда депутаттар
Максат Сабиров,
Данияр Тербишалиев,
Мирлан Бакиров жана башкалар парламенттик шайлоодо босоголук чекти 7 пайыздан 10 пайызга көтөрүү боюнча мыйзам долбооруна каршы чыгышты.
Алардын айтымында, шайлоодо бир да партия аталган босогодон өтө албай калышы мүмкүн. Мындан улам алар 7 пайыздык босогону калтырып коюуну сунушташууда. Депутат Бакыт Төрөбаев демилгени бийликти узурпациялоо аракети деп атады. "10 пайыздык босого - бул жаш партияларга бөгөт коюу",- деди Төрөбеков.
Мыйзам долбоорунун автору Феликс Кулов нааразычылыктарга төмөнкүдөй жооп берди: "Эгер шайлоодо бир эле партия 10 пайыздык босогодон өтсө, андан кийинки көп добуш алган үч партия да мандатка ээ боло алат. Демек, парламент төрттөн кем эмес партиядан түзүлөт. 10 пайыздык босогодон өткөн партия парламентте 65 мандатка ээ болот, калган 55 мандатты үч партия бөлүп алышат. Эгер 10 пайыздык чектен 2 партия өтсө, алар 65 мандатты бөлүп алышат. Парламентте төрттөн кем эмес партиянын болушу - көп партиялуу системди өнүктүрүү жолу".