Алмазбек Атамбаев: "Өкмөт билим берүүнүн сапатын реалдуу түрдө жогорулатууга тийиш"

Бүгүн, 25-февралда президент Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды. Мамлекет башчыга өлкөдөгү жогорку окуу жайларды оптималдаштыруу жана илим тармагын реформалоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Президент менен министр быйыл пландаштырылып жаткан мектеп мугалимдеринин айлык акыларын жогорулатууну талкуулашты.

Мамлекет башчы билим берүү тармагын жана илим системин модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар өлкөнүн кызыкчылыгына жана мезгил талабына толугу менен жооп берүүгө тийиш экенин белгиледи. “Өкмөт Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын реалдуу жогорулатуу боюнча иштиктүү кадамдарды жасоого тийиш, жарандарыбыз реформанын жыйынтыктарын иш жүзүндө сезиши керек”,- деди Алмазбек Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан