Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары 24-февралда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен парламентте жолугушту. Жолугушууда фракция лидери Чыныбай Турсунбеков фракциянын катчылыгына көптөгөн кайрылуулар түшөрүн, ошондуктан Аксы районунун активи менен жолугушуу чечими кабыл алынып, аймактагы көйгөйлөрдү талкуулоого министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү чакырылганын айтты.
Аксы районунун акими Медет Айдаралиев аймакта 12 айыл өкмөтү бар экенин айтты. Алардын ар биринен бирден маанилүү көйгөй тандалып алынып, аткаруу бийлигине 12 билдирүү даярдалганы айтылды. Район аймагындагы Күрп-Сай ГЭСи жана "Таш-Көмүр" көмүр өндүрүүчү ишканасы жергиликтүү бюджетке салык төлөбөй жатканын айтты аким.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Эмилбек уулу жана башкалар мектептерди компьютерлер менен камсыздоо, ооруканалардын имараттарын оңдоо, аларга "Тез жардам" унаасын бөлүп берүү, Сары-Челек коругуна барчу жолду оңдоо маселелерин көтөрүштү.
Жыйынга катышкан министрлик, мекеме өкүлдөрү айтылган сунуштарды карап көрүүгө убада беришкенин билдирет ЖКнын маалымат кызматы.