Парламент комитети импорттолгон электр энергиясын 12 пайыздык кошумча нарк салыгынан бошотуу сунушун колдоду

Парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети 24-февралдагы жыйынында импорттолгон электр энергиясын 12 пайыздык кошумча нарк салыгынан бошотуу сунушун колдоду. Өлкөнүн Салык кодексине өзгөртүү киргизүү демилгеленүүдө. Жыйында Экономика министрлигинин, Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин жана "Электр станциялары" мекемесинин өкүлдөрү мыйзам долбоору кабыл алынса, пайдалануучулар үчүн электр энергиясынын акыркы баасы (пайдалануучуга жеткендеги баа) кандай болушу керектиги боюнча бир пикирге келе алышкан жок.  
Жыйынтыгында өкмөт өкүлдөрүнө электр энергиясынын акыркы баасы боюнча бирдиктүү позиция иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан