Акыркы 20 жылда ички иштер органдарын баалоо тутуму калктын милицияга карата мамилесин жана ишенимин чагылдырган эч кандай критерийлерди камтыбаганын билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы. "Мындай мамиле кылмыштуулукту жашыруу, кылмыш ишин козгоодон мыйзамсыз баш тартуу, фальсификациялоо тажрыйбасын жайылтууга шарт түзүп, элдин милицияга ишениминин деңгээлинин жогорулашына өбөлгө түзүлгөн эмес. Укук коргоо тейлөөсүнүн негизги керектөөчүсү болгон калк ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн баалоо процессинен толугу менен алынып салынган.
Сунушталган ыкмага ылайык, ички иштер органынын кызматкерлерин жеке баалоо киргизилет, ал кызматтык милдеттин аткарылышына, кесиптик-жеке мүнөздөмөсүнө негизделип, мында иштин сапат жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жеке сунуштардын берилиши каралат",- деп айтылат маалыматта.
Күтүлүп жаткандай, комплекстүү баа берүүнүн негизги жоболору ички иштер органдарынын ишмердүүлүк натыйжалуулугун, сапатын жогорулатууга багыттоого, ар бир кызматкердин жеке жоопкерчилигин жана кесипкөйлүгүн жогорулатууга, башкаруу сапатын жакшыртууга жана калктын ички иштер органдарга карата ишенимин жогорулатууга мүмкүндүк бермекчи.