Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров Якутиянын Мамлекеттик Жыйынынын (парламент) төрагасы Александр Жирков менен жолугушту. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда кыргыз өлкөсүндө советтик көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмер Максим Аммосов жөнүндө, анын Кыргызстанда жүргүзгөн ишине арналган китеп даярдоо маселеси талкууланды. Зулпукаров бул маселе кыргыз парламентинин көмөгү менен ишке ашырыла турганын билдирди.