Парламент букмекердик кеңселер менен тотализаторлордун иштешине тыюу салды

Бүгүн, 25-февралда парламент жыйынында букмекердик кеңселер менен тотализаторлордун иштешине тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды.

Долбоордун маалымат-негиздемесине таянсак, “түйүн ичиндеги казино”, “казинонун кассасы” деген түшүнүктөр жок болгондуктан жана “оюн автоматына” так аныктама берилбегендиктен, укук коргоо органдарынын мыйзамсыз кумар оюн иш-аракеттеринин бетин ачуу жана бөгөт коюу татаалдаштырылгандыгы айтылган. Мындан улам “кумар оюн иши”, “кумар оюн жайлары”, “кумар оюну”, “оюн автоматы” деген түшүнүктөр мыйзам долбоору аркылуу киргизилип, ошондой эле “аппараттык-программалык комплекс”, “электрондук (виртуалдык) казино”, “компьютердик симуляторлор”, “түйүн ичиндеги казино” жана “казино же оюн автоматтар залынын кассасы” деген негизги жаңы түшүнүктөр менен толуктоо зарылчылыгы келип чыккан.

Документ эми президенттин кол коюусуна жиберилет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан