Бүгүн, 25-февралда Казакстандын Шымкент шаарында кыргыз мамлекетинин консулдугу ачылды. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, КРнын Алматыдагы Башкы консулдугунун кызматкерлери өлкөнүн Шымкент шаарындагы ардактуу консулу болуп дайындалган Талгат Айтбаевге расмий документтерди тапшырышты. Бул консулдукту ачуу кыргыз өлкөсүнүн тышкы саясатын өнүктүрүүнүн бир багыты экени айтылды.