Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 29-январында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты - КРнын техникалык жөнгө салуу жана өлчөө бирдиги тармагындагы укуктук-нормативдик актылары жөнүндө мыйзамдарга шайкеш келтирилген "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу.
Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет.