Кыргыз өлкөсүндө калктын 26,7 пайызын төрөткө жөндөмдүү айымдар түзөт. Бул тууралуу социалдык өнүгүү министринин орун басары Эрик Күйкеев Женевада өткөн БУУнун Аялдарга карата дискриминациянын бардык түрүн жоюу комитетинин 60-сессиясында билдирди.
Докладда өлкөдөгү өспүрүм кыздар калктын 2,7 пайызын түзөрү айтылган. Социалдык өнүгүү министрлиги 26-февралда билдиргендей, былтыр өлкөдө 159 634 ымыркай төрөлгөн (2013-жылкыга салыштырмалуу 4114 ымыркайга көп).
"Кыргыз Республикасы 2012-жылы Борбор Азияда биринчи жолу 2020-жылга чейин гендердик тең укуктуулукка жетишүү боюнча улуттук стратегияны - узак мөөнөттүү документти кабыл алды. Документте аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга шарт түзүү чаралары, анын ичинде айылдык аялдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жана башка топтогу аялдардын кызыкчылыктарын коргоо чаралары камтылган",- деп билдирди Күйкеев.