Ырчы
Максат Бегалиевге жубайы
Назгүл кыз төрөп берди. Бул сүйүнүчтүү кабары менен ырчы
SUPER.KG порталына бүгүн, 26-февралда бөлүштү.
3,7 килограмм салмакта жарыкка келген ымыркайга ата-энеси Айкүн аттуу ысым ыйгарышканы турат.
"Кызым 22-февраль күнү төрөлдү. Биринчи жолу кыздуу болуп жаткандыктан, сүйүнүчүмдө чек жок. Ал сезимдерди сөз менен жеткире албайм. Кечээ аларды үйгө чыгарып келдим, ден соолуктары жакшы. Алтындай кызыма эки баламдын аттарынан алып Айкүн деген ысымды беребиз",- деди толкунданган ырчы. Белгилей кетсек, үй-бүлө мүчөсүн жаңы толуктаган ымыркай ырчынын үчүнчү наристеси. Жубайлардын Айтоо жана Күнтоо аттуу уулдары бар.
Жагымдуу кабар ырчы Бактыгүл Бадыеванын үй-бүлөсүн да курчады. Ырчы айым кечээ, 25-февралда дагы бир жолу жолдошун кырк жылкылуу кылып, 3,7 килограмм салмактагы кыз төрөп берип кубантты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчынын курбусу Гүлзара Кокенова билдирди.