Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду убагында жеке менчикке берилип кеткен 12 кинотеатрды мамлекетке кайтарганы жатат. Фонд 1993-2011-жылдары кинотеатрларды сатып алгандар келишимдик милдеттерин аткарбай жатканы үчүн сатуу-сатып алуу келишимин бузуу боюнча сот органдарына доо арыз менен кайрылды.
"Келишимдерге ылайык, мамлекеттик мүлктү сатып алуучулар өздөрүнө: мекемелерде оңдоп-түзөө иштерин жасоо, реконструкциялоо жана талапка ылайык пайдалануу милдеттерин алган. Фонддун бир катар текшерүүлөрүнө карабай инвесторлор тарабынан келишимдин талаптары одоно бузулууда. Буга байланыштуу сатуу-сатып алуу келишимдерин бузуу арызы менен сотко доо арыз берилди",- деп билдирет мекеме.