Кыргызстанда учурда 741 балдар бакчасы иштейт

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 741 балдар бакчасы иштейт. Бул тууралуу 11-февралда вице-премьер-министр Камила Талиеванын төрагалыгы астында өткөн мектепке чейинки билим берүү мекемелери маселесин талкуулаган жыйынында айтылды. “Учурда өлкө боюнча мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин саны жетишсиз. Бул маселени чечүүдө жалпы мамлекеттик мекемелер менен бирге иш жүргүзүү зарыл”,- деди Талиева. Жыйынтыгында вице-премьер-министр бардык министрликтерге, мекемелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бала бакчалардын санын көбөйтүү жана алардын иштөөсүн камсыздоо тууралуу бир катар тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан