Орусиядагы кыргыз мигранттарын орус тили, Орусиянын тарыхы боюнча сынактардан бошотуу сунушуна өкмөт пикир билдире элек

Кыргыз өкмөтү Орусиядагы кыргыз мигранттарын орус тили, Орусиянын тарыхы боюнча сынактардан бошотуу боюнча кандай иш жүргүзгөндүгү тууралуу жооп бере элек. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда парламент жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу билдирди. Анын айтымында, өкмөт тезинен бул маселеге көңүл бурушу керек.
Эскерте кетсек, 19-февралда аталган депутат Орусиядагы кыргыз өлкөсүнүн мигранттарын Орусиянын тарыхы жана орус тили боюнча сынактан бошотууну сунуштаган. "Май айында биз Евразиялык экономикалык биримдикке киребиз. Орусия биздин мекендештерибизге көмөк көрсөтсө болмок. Премьер-министр, Тышкы иштер министрлиги аркылуу бул мамлекеттен ушуну сурануу керек",- деген депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан