"Сокулук районунун Ак-Жол айылында эшектердин союлуп сатылышы тууралуу кабар дүң болуп жаткан учур. Баш-аягы 600-700 эшек союлуптур. "Аламүдүн" жана "Ош базарларындагы" сатылган эттер кайдан келип жатканы белгисиз, аларды текшерген эч ким жок". Мындай пикирди депутат Курманбек Дыйканбаев Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында билдирди.
"Мурда Ак-Жол айылында мындай мал союу цехи болгон эмес. Ага ким уруксат берген? Тиешелүү инспекциялар кайсы жакты карап жүрүшөт? Күнөөлүү адамдардын баарын жоопко тартыш керек. Ал эми эшек эттери Гонконгдун зоопаркына сатылат деген сөз – болбогон жомок!"- дейт депутат.