11-февралда президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү соттордун айрым судьяларын кызматынан бошотуу жана айрымдарынын ыйгарым укуктарын узартуу тууралуу жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Кол коюлган жарлыкка ылайык, Жогорку соттун судьялары болуп шайлангандыгына байланыштуу Анархан Базаралиева, Болотбек Батыралиев, Памирдин Жумагулов, Айнаш Токбаева кызматтарынан бошотулду. Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, судьялар Балагазы кызы Аиданын, Кымбат Архарованын, Эрланбек Токтосуновдун ыйгарым укуктары узартылды. Мамлекет башчысынын үчүнчү жарлыгына ылайык, жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктарынын узартылгандыгына байланыштуу Балагазы кызы Аида - Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы болуп, Кымбат Архарова - Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы, Эрланбек Токтосунов - Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун судьясы болуп дайындалышты.