Кыргыз өлкөсүнө Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун келери күтүлүүдө

Кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 25-февралда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухемедов менен жолугушту. ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз өлкөсү менен Түркмөнстандын ортосундагы достук мамиле туруктуулукка жана мындан аркы кызматташуунун өнүгүшүнө керектүү ири потенциалга ээ экенин белгилешти. Абдылдаев кыргыз өлкөсүнүн президенти Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдын ноябрында Түркмөнстанга жасаган иш сапарында жетишилген келишимдердин баарын ишке ашыруу зарылдыгын айтты. Алмазбек Атамбаевдин чакыруусуна байланыштуу кыргыз тарап Түркмөнстандын президентинин кыргыз жерине иш сапары менен келерин күтүп жатканын кошумчалады. Бердымухамедовдун иш сапары эки өлкө ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүүгө зор түрткү берери айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан