Жогорку Кеңеш 26-февралда "Кумтөр" долбоору боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматын угууда. Баяндама жасаган премьер-министр Жоомарт Оторбаев "Кумтөр" көйгөйүн чечүүнүн кечигип жатышынын себебин атады. Буга "Кыргыз алтындын" мурунку жетекчиси Дилгер Жапаровго кылмыш иши козголушу себеп болгону айтылды. "Центерранын" жетекчилиги акыркы жолу кыргыз жерине былтыр март айында келген. Апрелден баштап сентябрга чейин чакырганыбызга карабай келбей коюшту. Бул арада сүйлөшүүлөр дээрлик токтоп турду. Сентябрдан баштап 4 жолу сүйлөшүү жүрдү",- деп билдирди Оторбаев.